Президент ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарды

0
628

Президент Садыр Жапаров ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорун артка кайтарууну тапшырды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбуктагы баракчасына жазды. 

“Буга чейин Мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу  талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул Мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды.” – деп жазылат Алагөзовдун маалыматында.

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Каттоо үчүн үч документ талап кылынат, алар арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here