Кызыл-Кыяда түн ичинде автоунааны тартып алып, тоноочулук кылууга үч жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган үч тургундун үстүнөн Кызыл-Кыя шаарынын 24 жаштагы тургуну 24-февраль түнкү саат 02:00 чамасында Opel Vectra үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатканда, бейтааныш үч бала аны токтотуп кол телефонун жана айдаган автоунаасын ачык эле коркутуп тартып алып изин жашырып кетишкенин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча жызык кодексинин тоноо жана Автотранспорт каражаттарын айдап качуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери уланууда.