Кызыл-Кыяда эки футбол талаасы курулат

0
1300

Бул тууралуу Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Баткен облусундагы футбол ассоциациясынын жетекчиси  Айбек Ражаповдун жолугушуусунда белгилүү болду.

Облустук бийликтин маалыматында, жолугушууда облус башчы  Ражаповго аймактагы футболду өнүктүрүү аракеттерин активдештирүү, жетиштүү шарт түзүү үстүндө иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн “Лейлек”- Раззаков командасына колдоо көрсөтүү, Сүлүктү шаарына да футбол командасын түзүүнү тапшырды. Ал эми футболго кызыккан кыздарды колдоо, жер жерлерде кыздар футболун түзүү, өнүктүрүү боюнча да тапшырмаларды койду.

Маалым болгондой, алдыда Кызыл-Кыя шаарына эки футбол аянтчасы курулат. Анын бирөө жасалма чөп менен болсо, экинчиси табигый чөп менен болот. Демилгени жергиликтүү бийлик менен Кыргыз футбол союзу биргеликте ишке ашырат.

Учурда облуста Нур-Баткен, Шахтер-Кызыл-Кыя, Металлург-Кадамжай, Исфайрам-Кара-Дөбө командалары түрдүү мелдештерде облустун намысын коргоп келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here