Баткенде 15 мигрант аял каржылык сабаттуулукка окутулуп жатат

0
822

Баткен шаарында 26-февралда 15 баткендик мигрант аялга каржылык сабаттуулук жана кесип боюнча окуу курстары башталды. Бул тууралуу Баткен райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиришти.

Бул долбоор Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду» тарабынан уюштурулуп, Эл аралык Миграция Уюмунун, БУУнун Миграция Агенттигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бул долбоор республиканын түштүк аймактарын камтыйт жана кыска мөөнөттүү окуу курстарынан  өтүүгө тийиш болгон 70 мигрант аял тандалып алынды, окууну аяктагандан кийин алардын ийгиликтүүлөрүнө бизнес долбоорлорду иштеп чыгууга каржылык колдоо көрсөтүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here