«Биздин айыл башчыга тийбегиле» дейт Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн тургундары

0
798

25-январь күнү Ак-турпак айыл аймагынын имаратына  «Адилет Кут» аталышындагы коомдук уюмдун  төрагасы деп өзүн тааныштырган Талант Разаков аттуу жараан баш болгон 20дай коомдук уюмдун мүчөлөрү Актурпак айыл өкмөтүнө келип, айыл өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишине нарааазы болгон жарандардын арызынын негизинде келгенин билдирип, элди дүрбөлөңгө салган.

26-январь күнү Баткенде маалымат жыйын өткөрүп Кадамжай районунун Ак-турпак айыл өкмөтүнүн  тургундары Айыл өкмөттү мыйзамсыз басып алабыз деген «Адилет Кут»деп аталган уюмга нараазы экендиктерин жана ошондой эле Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн ишине канааттана  тургандыктарын, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиевди колдоорун айтып чыгышты.

 Аталган айыл өкмөттүн тургуну Мусабай Момуналиев «Биздин прессконференция бергенибиздин себеби 24-январь түнү биздин айыл өкмөткө «Адилет Кут» деген уюм келип, » өкмөттү керек болсо  биз басып алабыз» деген максат менен боз үйлөрдү тигип, өздөрүнчө хан, бек болуп, СМИни чакырабыз, элдин унун угабыз деп тополоң кыла баштады. 25-январь куну айыл өкмөттөгү 18миң элдин өкүлдөрүнөн 300-400дөй эл чогулуп, Ак-Турпай айыл өкмөтүн колдоп өздөрүнүн кайрылуусун жасайбыз деп чогулду. Биздин айыл өкмөттө 4 жазуучу адам бар. Ошолордун арызы менен бул адамдар келген. Мен урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичке,УКМКнын башчысы  Камчыбек Кыдыршаевичке , Жогорку кеңештин төрагасы Талант Мамытовторго элдибиздин атынан кайрылам. Президентибиз өзү элди дүрбөтүп тополоң кылгандар менин бир тууганым болсо да камагыла деп элге айтканын окудук. Ушунда  «Самозванецтерди» тыйыш керек. Төрт эле адамдын арызы менен элди  тополоңго салып, «Биз айыл өкмөттү текшеребиз. Биз каалагандай кылабыз, биз мекенчилбиз» дейт. Алар эч жерде иштебеген адамдар.Айыл өкмөттү текшере турган финполиция, УКМК, жана башка мамлекеттик органдар текшерсе мыйзамдуу болот. Өкмөттүн эшиги ачык. Текшергенге шарт түзүп берет керек болсо. Алар келип эле баскынчыдай басып алганы туура эмес. Коомдук уюм кыргызстанда 2000ден ашык. Мындай уюмдар толуп кетти. Садыр Нуркожоевич! Актурпак айыл өкмөтү 2013-жылы  бабанов премьер-министр болуп турганда 3млн сомду мыкты айыл өкмөтү катары женип алган. Ал акчалар айыл окмоттун инфраструктурасын онуктурууго жумшалган. Аны да кээ бири айыл өкмөтү жеп койду деп каралагандар болгон. Аларды текшере турган атайын уюм бар. 4 адам өзүнчө коомдук уюм деп оюга келген ишти кылып, элди дүрбөлөңгө салганына биздин эл каршы. Биздин айыл окмот ресбуликада ротациядан чыккан айыл окмот. 7-8жылдан бери биринчи орунду бербей келе жатат. Садыр Нуркожоевичке айтат элем. Кадамжайдан сизди кескин уурулар жандап жатат.Мен буларды айтып бере алам «Биз Садырдын адамдарыбыз дегендерди.»дейт Мусабай Момуналиев

Толук окуяны видеодон көрүңүз

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here