Милиция Кызыл-Кыядагы көп кабаттуу үйдөгү өрттөн эки өспүрүмдү куткарды

0
476

Облустук милициянын маалыматына караганда, Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан 11-февралдан 12-февралга караган түнү эрте мененки саат 6:15 тер чамасында өрт чыккан. 

Милиция окуя катталган жерге барып, ошол жерден сураштыруу иштерин жүргүзүп, өрт чыккан үйдүн жашы жетпеген өспүрүм кызы менен 4 жаштагы уулу уктоочу бөлмөдө калып кеткендигин тактаган. Ошол эле замат Кызыл-Кыя шаардык милициясынын төрт кызматкери токтоосуз күйүп жаткан үйгө кирип, эки өспүрүмдү аман-соо куткарып чыгып, тез жардам кызматына көрсөтүп, апасына тапшырган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here