Лейлекте чек арадан аткезчилик жолу менен мал алып кирген жаран кармалды

0
1183

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Булак-Башы айылынын “Курсай” участкасында 8-февраль түнкү саат 5:40 чамасында 53 баш кой, 41 баш козусу менен коңшулаш өлкөдөн Кыргызстанга өткөрүп жаткан жеринен Раззаков шаарынын Чимген айылынын 26 жаштагы тургуну аныкталып, кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Бул факты боюнча жазык кодексинин Экономикалык контрабанда беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here