Түркиянын “Остим” компаниясы Баткен менен кызматташат

0
1154

Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. 

Буга чейин маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9-10 февраль күндөрү, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын  жетекчилиги астында, Анкара шаарында  кыргыз-түрк өкмөттөр аралык 11-жыйынынын алкагында, кыргыз-түрк  бизнес форуму болуп өткөн.

Анын алкагында Баткен облусунан барган делегация  Түркия мамлекетинин бир катар ишканалары менен кызматташуу боюнча  макулдашууларга жетишти.

Түркиянын Остим компаниясына, Баткен облусунун Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр-жай зонасында биргелешкен ишканаларды ачуу сунушталып, кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, буга чейинки жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз-түрк K-NEFT компаниясы, Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы  нефтини  өндүрүү боюнча мамлекеттик “Кыргызтранснефтегаз” ишканасы менен  да келишим түзүүгө жетишти.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here