Бишкек жылуулук электр борбору жарылып беш адам жабыркады

0
956

2-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда авария  орун алды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирип, абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатат.

Кырсыктан беш кызматкер жаракат алган. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here