Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айылына суу сактагыч курулууда

0
1149

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагына суу сактагычтын курулушу башталды. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.          

Маалыматка караганда, суу сактагыч ашар жолу менен курулуп, пайдаланууга берилсе, 1500 гектар жерге суу жеткирилет. 

Сыйымдуулугу 500 миң куб болгон суу сактагыч кыска аралыкта бүткөрүлүп, Өзбекстан менен чектеш же Бүргөндү каналынын аягында жайгашкан, аталган аймактын ылдыйкы бөлүгүнүн тургундары суу көйгөйүнөн кутулат. 

Белгилей кетсек, Кыргыз-Кыштак аймагында 10 миңден ашуун калк жашайт. Негизги чарбачылыгы мал чарбасы жана дыйканчылык.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here