Баткен жана Исфара райондорунун башчылары Төрт-Көчөдө жолугушту

0
1875

Баткен районунун башчысы Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун башчысы Баховадин Баходурзода жолугушту. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушуу чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында  уюштурулган. Анда эки элди  түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин  жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.

Мындан сырткары чек ара, укуктук тартип, сугат суу, арыктарды тазалоо иштерин макулдашуу менен жүргүзүү, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан  маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here