Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.
Алагөзов, учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болоорун билдирди.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2021-жылы президент болуп шайланган.