Раззаков шаарында 6 млн сомго балдар үчүн оюн-зоок аянты курулат

0
733

Лейлектин  Раззаков шаарындагы Самат Садыков эс алуу багына балдар үчүн оюн-зоок аянты куралат. Бул тууралуу Раззаков шаардык бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык бийлик “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагына катышып, 32 шаардын ичинен 2 млн сом утуп алган. Буга кошумча жергилүүктүү бюджеттен 2 млн сом, Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн сом акча бөлүнгөн. Жалпысынан курулуш ишине 6 млн сом акча каралган. 

“Курулуш иштери февраль айында башталат. Азыр жерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин ушул эле жылдын 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата бүткөрүү пландалууда” – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here