Баткенде жаңы форматта медиа материалдарды даярдоо боюнча окутуу өтүүдө

0
798

Баткен шаарында блогерлер, активисттер, ишкерлер жана жаңы ишин баштаган журналисттер үчүн жаңы форматта медиа визуалдык публикацияларды даярдоо боюнча 4 күндүк окуу башталды.

Бул окуу “Баткенде инновациялык медиа материалдарды колдонуп, социалдык көйгөйлөр жана алардын чечилиши үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

29-январда башталган иш чарага Баткен облусунун баардык аймактарынан 27 катышуучу тандалып алынган.

Алар төрт күндүн ичинде социалдык тармактарга  жаңы форматтагы виузалдык медиа материалдарды даярдоону үйрөнүү менен медиа сабаттуулук, факт-чек, конфликттерди жана гендердик маселелерди чагылдыруудагы өзгөчөлүктөр тууралуу да билимин тереңдетишмекчи.

Бул долбоор “Баткен облусун өнүктүрүү” мамлекеттик программасын ишке ашырууда жергиликтүү бийликтин аракеттерин элге жеткирүүдө, эл тарабынан колдоосун күчөтүүдө журналисттер, блогерлер, активисттер менен биргеликте иштөө максатын көздөйт.

Белгилеп кетсек, долбор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосунда ишке ашырылып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here