Кадамжайда жол кырсыгынан бир адам каза тапты

0
781

Үч-Коргондо жол кырсыгынан 49 жаштагы тургун  көз жумду. Бул тууралуу Салам Медиага облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн  басма сөз катчысы Бектемир Мамытов билдирди. 

Маалыматка караганда, кырсык 28-январга караган түнү саат 03:00 чамасында  Кызыл-Кыя – Кулатов авто жолунун 1- чакырымында орун алган. Анда каза болгон жаранды сүзүп кеткен айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. 

Ошол учурда айдоочуну кармоо үчүн «Тосмо» иш-чарасы киргизилип, Маалыматка караганда 

жол-кайгуул кызматкерлери FORD FOCUS үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун 22  жаштагы тургунун аныктап кармашты.   

Азыркы учурда авто унаа убактылуу айып коргоого киргизилип, кармалган айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here