Баткенде кендерди иштеткен ишканаларга мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди

0
464

Кендерди иштетүү үчүн лицензия ээлеринин көпчүлүгү аны туура жана максаттуу пайдаланбай, ээлеп алып ишмердүүлүгүн жүргүзбөй келишет. Алардын материалдык техникалык базасы, айланма каражаты, тоо кен тармагы боюнча билими, тажрыйбасы барбы, жокпу аныктап, лицензиялардын мыйзамдуулугуна, максаттуулугуна мониторинг жүргүзүүнү Баткен облусунун аймагында кен казуу ишканаларынын абалы жана бул тармактагы салык боюнча маселени караган, жыйында тийиштүү жетекчилерге тапшырпа берди.

Ошондой эле, жер астындагы кендер, мамлекеттин байлыгы, ар кандай жолдор менен арзыбаган каражатка лицензия алып, миңдеген тонна кен казып алып, бирок кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качкан ишкерлер менен иш алып баруу, көмүскөдө эмес, мыйзамдуу иштөө менен, мамлекетке тийиштүү салыкты өз убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө, буга чейин аймакта бир катар инвесторлор кен байлыктарды издөө, чалгындоо жумуштарын жүргүзүп, бирок жергиликтүү эл менен мамиле түзө албай, натыйжада нааразычылыктар жаралып, кооптуу чөйрө түзүлгөнү баарызга маалым. Мындан улам аймактын өнүгүүсү, элдин бакубат жашоосу үчүн кен байлыктарды иштетүү убактысы келгенин айтып, бул жаатта алгылыктуу кадамдарды жасоо, лицензия ээлери жана жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин жана жетекчилерге көзөмөлгө алынуусун айтты.
Белгилей кетсек 2020-жылдын жыйынтыгы менен пайдалуу кендерди казуу менен өнөр жайында продукция өндүрүүнүн көлөмү 821,5 млн сомду, же болбосо областта өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 26,7% түздү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here