Облус боюнча бардык мектептер реалдуу режимде иштеп баштайт

0
547

Облустагы 233 мектепте окуучулар реалдуу режимде билим алууда.
Белгилей кетсек, эртен 13-январда, Баткен районундагы 10 мектепте 1-5-9-11-класстан башка дагы бардык класстын окуучулары мектепке чакыртылып, облуста мектептер 100% иштеп баштайт. Бул маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.
Мындай чечим коронавирус менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча облустук штабда, облуста эпидемиологиялык абал турукташкандыгына байланыштуу, окуучуларга реалдуу режимде, сапаттуу билим берүү максатында кабыл алынды.
Алдыда этап-этап менен бала бакчаларды да ачуу каралууда. Эскерте кетсек буга чейин муктаждыкка жараша жеке менчик балдар бакчаларына иштөөгө уруксаат берилген.
Белгилей кетсек, окуучулардын кышкы каникулунан кийин билим берүү мекемелерин ачуу пландалганына байланыштуу, ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, билим берүү мекемелерин даярдоо, санитардык талаптарды сактоо жана дем алыш күндөрү дезинфекция жумуштарын жүргүзүп туруу, окуучулар менен ата энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жылуулук менен камсыздоо боюнча, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берген.
Учурда облуста эпидемиологиялык абал турукташууда. Бүгүн 12-январга облуста коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.
Облуста эпидемиологиялык абал турукташкандыгына байланыштуу 2020-жылдын 6-январынан, ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен өзгөчө кырдаал режими алынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here