Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. Алар азырынча Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эскилиги жеткен имаратында жайгашып турат.
Бул оорукананын курулушуна мамлекеттик казынадан 58 млн сом жумшалды. Курулуш иштери жакынкы күндөрү толугу менен аяктап, оорукана пайдаланууга берилет.