Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна Баткен шаарын айланып өтчү жол курулду

0
1133

Баткен шаарында Ош-Баткен-Раззаков жолуна жаңы багыттагы жол салынды. Эми аталган жолдон өткөн айдоочулар Баткен шаарына кирбей эле өтө алат. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бул жол, шаардагы унаа тыгынын азайтуу жана жергиликтүүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында 22 чакырым аралыкта салынып, республикалык бюджеттен 190 млн сом каралган.

Бул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн 8 чакырымга жол кыскарат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here