Баткендеги Сыдык Айтматов метеби жаңыланат

0
560

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында Сыдык Айтматов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу 40 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык бийликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мектеп 500 окуучуга ылайыкталган. Мектептин жаңы имаратын курууга мамлекеттик казынадан 133 млн сом бөлүнгөн.Билим берүү уясын пайдаланууга берүү 2024-жылга пландалган.

Шаардык бийликтин маалыматында, аталган мектептин эски имаратынын 1-бөлүгү 1978-жылы, 2-бөлүгү 1989-жылы ашар жолу менен 162 орунга ылайыкташып курулган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here