Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард долларга жакындап калды

0
750

Сентябрдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 987 миллион долларды түздү. Финансы министрлигинин маалыматына таянсак  4 миллиард 487 миллион долларга жакыны тышкы карызды, 1 миллиард 500,44 миллион доллар ички карызды түзөт.

Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 140,6 миллион долларга өстү. Тышкы карыз 9,48 миллион долларга азайса, ички карыз 150,1 миллион долларга көбөйдү.

Сентябрдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 57,29 пайызын түздү.

Кыргызстандын тышкы карызынын 38,5 пайызын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон карыз түзөт, ал август айынын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 726,59 миллион доллар болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here