Баткен жана Ош облустарынын Соода-өнөр жай палатасында мыйзамсыз иш аныкталды 

0
1006

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин мыйзамсыз иштерин аныктады.

Атайын кызматтан билдиргендей аталган облустардын соода өнөр жай палаталарынын жетекчилери ар кандай экспорттолуучу товарларга товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды беришип, көмүрдү экспорттоо менен алектенген субъекттерге салыктык базаны төмөндөтүп көрсөтүүнү документтештирүү үчүн шарттарды түзүп беришкен. 

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнөн 1 кг үчүн 1-1,5 сомду түзгөн көмүрдүн БСШ сорту деп жасалган товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды алышкан, ал эми иш жүзүндө базар баасы 1 кг үчүн 10-12 сом болгон көмүрдүн БК маркасы экспорттолуп турган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here