Кадамжайда жол кырсыгынан бир адам мерт кетти

0
2123

12-ноябрда кечки саат 21:30 чамасында, Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 175-чакырымында эки унаа кагылышып бир адам каза болду. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта, Кадамжайдын Ак-Турпак айылынын тургуну 27 жаштагы тургунунун башкаруусундагы унаа менен Кызыл-Булак айылынын 61 жаштагы тургунунун башкаруусундагы унаа кагылышып кеткен. 

Кырсыктан бир адам алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза таап, эки адам денесинен жаракат алып Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here