2024-жылдагы ажылыкка алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтоду

0
1496

Келерки жылы ажылык зыяратка барчулардан алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь, саат 09:00гө карата ажылыкка барууну каалаган 6 миң 524 киши 2 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы «РСК Банк» банкынын филиалдарына төктү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ажылыкка каттоо жана банкка баштапкы төлөм төгүү 9-ноябрда башталган.

Эске салсак, 2024-жылы Кыргызстанга ажылыкка баруучулар үчүн 6600 квота бөлүнгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here