Баткенде 23 гектар жер сел кооптуулугунан корголду

0
1410

Баткенде Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип, 23 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты сел кооптуулугунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө жана нугун түздөө жумуштары 120 метр узундукта аткарылды. Ошондой эле 63 турак үй, 23 гектар айыл чарба жер аянты, 2000 метр ички чарбалык жол жана 5300 метр ички чарбалык жер сел каптоо коркунучунан корголду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here