Садыр Жапаров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

0
501

Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Президент куттуктоосунда басма сөз кызматкерлери эгемендик жылдарынан тарта улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келгенин белгиледи.

Ошондой эле, журналисттер күнүн жалпы майрам деп атаса болорун, азыркы коомду маалыматсыз, маалымат каражаттарысыз, болуп жаткан окуяларга кесипкөй көз карашсыз элестетүү кыйын экенин кошумчалады.

“Ар дайым калыстыктан тайбай, тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактап, коомдо адилет пикирди жаратууңуздарга тилектешмин. Ар бир сөзүңүздөр окурмандардын, көрүүчүлөрдүн, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын,” – деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here