Бүгүн Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди

0
623

Бүгүн 7-ноябрда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди.

Аталган салтанатка президент Садыр Жапаров, бир катар бийлик өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты. 

Жапаров салтанатта белгилүү саясатчылардын бири болгон инсандын ишмердигин сүрөттөгөн «Элге арналган өмүр» аталышындагы көргөзмө менен таанышып, андан соң куттуктоо сөзүн сүйлөп, анда өткөөл мезгил кыйынчылыктарына карабай, Абсамат Масалиев Кыргызстанды жетектеп турган жылдары экономиканын бардык тармактарында туруктуу өсүштөр болгонун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө бараандуу салым кошконун белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here