Төө-Ашуудагы өрттөн Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкери каза болду

0
565

Кечээ, 1-ноябрда Кызыл-Кыя ШИИБдин 41 жаштагы кызматкери каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда облустук милициянын маалымат кызматы билдирди. 

Маалматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Бишкек–Ош унаа жолунун 96-чакырымында бензовоз кулап өрт чыккан. Анда кызмат сапары менен аталган жолдо бара жаткан Кызыл-Кыя ШИИБдин 30 жана 41 жаштагы кызматкери бензовоздун айдоочусун кутткаруу үчүн жардам берип, өрттөн жабыркап ооруканага жеткирилген. 

Учурда өрттөн жабыркаган 30 жаштагы кызматкердин абалы оор деп бааланууда.    

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here