Баткен районунун Кыштут айылында 33 метр болгон көпүрө ашар жолу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.
Ага ылайык, көпүрө эскилиги жеткендиктен айыл жаштарынын демилгеси менен ашар жолу аркылуу көпүрөнү курушкан. Эми бул көпүрөдөн жарандар гана эмес жеңил автоунаалар да өтсө болот.
Көпүрөгө Баткен районунун өнүктүрүү фондунан 691 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле жеке жарандар тарабынан 3,5 млн сом өлчөмүндө салым кошулган.