Баткенде мыйзамсыз спирт ташыган тургун кармалды

0
2296

Бүгүн, 30-октябрда Баткен шаарында Тажикстандын аймагынан спирт алып келип, Кырыгзстандын аймагында жүгүрткөн Лейлек районунун 27 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, кармалган жарандын унаасынан 1 тоннадан ашуун спирт аныкталды. 

“Бул факты боюнча Жазык кодексинин “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү”-беренесинин  негизинде сотко чейин өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Экспертизанын корутундусунда 95% этил спирити экендиги аныкталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө,” – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here