Кызыл-Кыядагы дүкөндөрдүн биринде адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

0
1205

25-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде жанындагы ок атуучу куралы менен Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы тургунун атып алган Караван айылынын 27 жаштагы тургуну жанындагы шериги менен кошо кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, издөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 27 жаштагы жаран жана анын 21 жаштагы шериги кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн Тажикстандын аймагына өтүп кеткен. 

Эки өлкөнүн ыкчам кызматкерлери биргеликте ыкчам иш аракеттерин жүргүзүп, издөөдө жүргөн 27 жана 21 жаштагы жарандар Тажикстандан кармалып,  Кыргызстандын аймагына өткөрүлүп алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыядагы дүкөндөрдүн биринде орун алган окуяда жабыркаган Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы тургуну окуя болгон күнү, алган жараатынан улам көз жумган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here