Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы такталды

0
1296

Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу кечээ 18-октябрда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 12-октябрынан 18-октябрына чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык топтун жолугушуусунда жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here