Оган элине гуманитардык жардам көрсөтүлдү

0
776

Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

Маалыматка караганда, 4-октябрдан 16-октябрга чейин Кыргызстандын гуманитардык экспедициялык тобу Оганстандын Бадахшан провинциясына, Кичи жана Улуу Памирге кургактык транспорту менен 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясын алып барды.

Медицина кызматкерлерине: педиатр, терапевт, стоматолог, гинеколог кирип, алар бийик тоолуу шартта, 4200 метр бийиктикте үч күн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургундарды медициналык кароодон өткөрдү. 

Ал эми ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here