Баткенде 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү  токтоду 

0
946

Баткенде 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулганын бүгүн 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. 

Ага ылайык, дагы 8 материал облустук милициянын каттоосуна алынды.

УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, архитектура жана “Кадастр” мекемесинин, муфтияттын жана президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен турган мекеме аралык иш тобу диний чөйрөдөгү алдын алуу иш-чаралары алкагында облус аймагындагы диний жайларды текшерип чыкты.

Текшерүүнүн натыйжасында “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here