Кадамжайда 5 килограмм баңги зат менен коңшу өлкөнүн жараны кармалды

0
965

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, Баткенде «Мак-2023» атайын иш-чарасынын алкагында баңгизат сатууга шектелип, Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан менен чек арадан алыс эмес жерде 1998-жылы туулган коңшу мамлекеттин жараны кармалган.

Кармалган шектүүнүн жанынан 4 кг 958 грамм афган тектүү «гашиш» баңгизаты табылып, алынды.

Кармалган жаран ири өлчөмдө баңгизат сатууга айыпталып, кылмыш иши козголду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here