Баткенде мектепке тартылбай калган беш бала аныкталды

0
561

Баткен районунун аймагында мектепке тартылбай калган беш бала аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция район аймагында “Салам мектеп” аталышындагы рейд уюштурду. Рейддик иш чаранын жүрүшүндө укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жети ата-энеге протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды. Ал эми мектепке тартылбай калган беш бала аныкталып, керектүү материалдар топтолуп, социалдык жактан камсыздоо бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери мектептерде ата-энелерге, мектеп окуучуларына мугалим, соц педагоктор менен биргеликте жыйналыштарды өткөрүп, ар бир окуучунун жүрүм-туруму, билимге болгон мамилеси көзөмөлдөөнү, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here