ӨКМ: 20-сентябрда күн күркүрөп, кар жаашы күтүлөт

0
652

Бүгүн 19-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кыргызгидромет борборуна таянып билдиргенине караганда, 20-22-сентябрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20° градус болот.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° чейин, күндүз 4…9 градус, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат. Мындан улам, ӨКМ кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү кызматына чалуу керектигин эскертет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here