Кадамжайдын Чандеки айылында жаңы мектептин курулушу башталды

0
533

Кадамжай районунун Чандеки айылындагы  Х.Жаныбеков атындагы орто мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Аталган орто мектеп, 150 орунга ылайыкташтырылып курулат. Ага мамлекеттик казынанын эсебинен 73 млн 960 миң сом бөлүнгөн. Бул мектеп мындан он  жыл мурда жергиликтүүлөр тарабынан ашар жолу менен курулган эле. 

Чандеки айылындагы  Х.Жаныбеков атындагы орто мектебинде 165 окуучу билим алат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here