Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат

0
470

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат. Алардын катарында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айбек Кубанычбек уулу, Гүлшанай Сатарова өңдүү бир катар белгилүү спортчулар бар.

Азия оюндарынын ачылуу аземи 23-сентябрдан тарта  8-октябрга чейин уланып, ага 40тан ашуун өлкөдөн келген спортчулар катышат.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген. Кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча мелдешет. 

Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль уткан. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here