Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилип, эстелик мемориалы ачылды

0
718

Бүгүн 15-сентябрда  Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү.

Иш чаранын алкагында “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылыш аземи өттү..   

Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын жакындары  катышты.  

Иш чара каза болгон мекендештердин арбайына багышталып куран окулуп, эстеликке гүл чамбарларды коюу менен жыйынтыкталды.                                                                    

Белгилей кетсек, эстелик мемориалында чагылдырылган, колуна жети көгүчкөндү кармаган, чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын элеси, тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу. Эстелик мемориалынын жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов жасаган.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here