Баткенде былтыр сентябрда чек арада курман болгон аскер кызматкерлери эскерилди

0
1011

Кечээ 14- сентябрда  ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүндө, 2022 – жылдын 15-16-сентябрында курман болгон аскер кызматчыларын эскерүү иш – чарасы болуп өттү. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Иш – чарада  курман болгон  Ачылбек Ташбеков,  Дурус Каныбек уулу, Манас Баатырбеков, Айбек Абдилабековду минуталык эскерүү менен башталды. Анда Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана баатырлардын ата-энелери, бир туугандары катышты.

Белгилей кетсек Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу былтыры 2022 жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышууда, Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 тургун жараат алган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here