Баткенде шаардык милиция окуучуларга коопсуздукту камсыздоо иш чараларын улантууда

0
399

Милиция кызматкерлери Баткен шаарында аймактарынын В.И.Ленин орто мектебинин окуучулары менен жолукту. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Жолугушууда мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо багытында аларга кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, топтошуп мушташуулардын, мектеп рэкетчилигинин, тоноочулуктун мыйзам алдындагы жооптору боюнча ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу багытында жол эрежелерин окутуп, кенен түшүндүрмөлөр берилди.

Кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жасалган маалымат кагаздары мектеп окуучуларына таратылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here