Президент 14-сентябрда Тажикстанга барат

0
1260

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

Ага ылайык, президент Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн барат.

«Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө»,- деп билдирди Азымбакиев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here