Мамлекеттик Бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 8 айында бажы төлөмдөрүнөн казынага 68,5 млрд сом чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Ага ылайык, аталган каражат 2022-жылдын 8 айына салыштырмалуу түшүү 23,7 млрд сомго көп. Белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,6%га аткарылган же 4,8 млрд сомго көп чогултулган. – деп жазылат маалыматта.