Кызыл-Кыяда кутурманын алдын алуучу кошмо жыйын өттү

0
370

Кутурма оорусуна каршы Кызыл-Кыя шаары менен чектешкен райондордун айыл өкмөттөрү менен кошмо жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти. 

Кутурманын алдын алуу чараларын талкуулаган жыйында  оорунун алдын алуудагы азыркы абал жана оорунун алдын алууда жүргүзүлүүчү иш-чаралар тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, коңушулаш айыл-өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен биргелешкен иш-чаралар планы макулдашылып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Буга чейин өткөн айда жолбун ит кутурмага чалдыгып тогуз баланы тиштеген. Облустук ветеринардык башкармалыгынын Салам Медиага  билдиргенине караганда, аталган жолбун ит тогуз  баш жылкы жана эшекке  кол салган. Ал жаныбарлар эмдөөдөн өтүшкөн. Бирок ит кол салган бир эшекте кутурма аныкталып жок кылынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here