Кадамжайда чет өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип кармалды

0
489

Кадамжайда чет өлкөлүк жаран алдамчылыкка айыпталып кармалды. Бул тууралуу облусттук милициянын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, кармалган жарандын үстүнөн милицияга арыз келип түшкөн. Анда арыз ээси айыпталуучуга курулушка керектелүүчү пластикалык эшик терезелерди жасатуу үчүн акча бергенин, бирок товарын же акчасын ала албай жүргөнүн жазган.

Бул факты КБРне кылмыш жаза кодексинин Алдамчылык беренеси менен катталып, жабырлануучуларга жалпысынан 104миң сомдук зыян келгендиги аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here