Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялаган деп кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Зарина Төрөкулова деген аккаунттун ээси Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына («Массалык баш аламандыктар») туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө тараткандыгы аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын жараны.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 9-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 30-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.