Баткенге аба каттам көбөйүп, билет баалары арзандады

0
1083

Бул тууралуу облус башчысы Абдикарим Алимбаев  TezJet авиакомпаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда белгилүү болгонун фейсбук баракчасына жазды.

Бишкектен Баткен шаарына жумасына эки жолу шаршемби, жекшемби, күндөрү, ал эми Раззаков шаарына жумасына үч жолу шейшемби, бейшемби, ишемби үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлмөй болгон. 

Ал эми билеттин баасын 6 миң сомдон 5,5 миң сомго арзандатуу макулдашылган.

“Биздин облус өлкө борборунан эң алыс жайгашкандыктан жол маселеси бир топ эле көйгөй болуп келет. Алдыда кыш келе жатат. Ошондуктан борборго автоунаа менен жетүү биздин эл үчүн кыйын болуп саналат”, —  деп жазган Алимбаев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here