Баткен шаарындагы үч көчөнүн тротуары башталды

0
671

Шаардык бийликтин маалыматына караганда, Баткен шаарынын Ж.Момунов, Ж. Бөкөнбаев жана Г. Абдувалиева  көчөлөрүндө сугат ноорлору орнотулуп, тротуарларды куруу иштери аткарылууда.

Маалыматка караганда, Ж. Момунов көчөсүнө 435 метрге сугат ноолору, 1,5 чакырым узундукка  тротуар курулат. 

Ал эми Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө 346 метр ноолор 1,2 чакырымга тротуар орнотулат. 

Ошондой эле, Г.Абдувалиева көчөсүнө 415 метр аралыкка сугат ноолору орнотулуп, 1497,6 чарчы метрине тротуар курулат. 

Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен жана гранттан каржыланат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here