Лейлекте мыйзамсыз сакталып жүргөн куралды ээси өз ыктыяры менен милицияга тапшырды

0
392

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Арсенал” аталыштагы иш-чарасы өткөрүлүп, каттоодо турган ок атуучу куралдардын сактоо жери, мөөнөтү текшерилген. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Анда жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп, Раззаков шаарынын 31 жаштагы тургуну каза болгон чоң атасынын эч кандай документи жок, мыйзамсыз сакталып жүргөн ТОЗ 8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милицияга тапшырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here